Тарыхта алгачкы жолу биздин өлкө эң алдыңкы эл аралык музыкалык сынак — «Интервидение 2025″ке кошулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын намысын коргоо үчүн сахнага төмөнкү 15 мыкты аткаруучу катышат:
Бек Исраилов, Аксай Мукамбет уулу, Камир, Курал Чокоев, Урмат Токомбаев, Айжан Нусувалиева, Адилет Жумабеков, Тамга, Ислам Акматов, Минжашар Мурзаев, Марат Талантбеков, Данияр Долотбаков, Азат Раимбердиев жана Каныкей.
Ал эми сахнанын жаркын коноктору — дүйнөнү дүңгүрөткөн «Город 312» жана көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Амирчик.
Улуттук тандоо турун 23-апрель, саат 19:00дө — түз эфирде «Маданият» жана «Музыка» телеканалдарынан көрүңүз.
Белгилей кетсек, сынактын финалы Москва шаарында өтөт, ал эми баш байге — 300 000 евро.