Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Башкы прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр болду
08.06.2024 | 11:17
Башкы прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баймурза Маатов дайындалды.
Президенттин башка буйругуна ылайык, Малик Бектурганов башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.
Дайындоо Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана 71-берененин негизинде жүргүзүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар