Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Башпрокурор: Бакиевдерди Кыргызстанга алып келе албай жатабыз
06.04.2022 | 18:08
Азырынча Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадициялоого жол жок болууда. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал Беларусь бийлиги Кыргызстандын мурдагы президентин өткөрүп берүүдөн баш тартканын белгиледи.
«Башкы прокуратура кат жөнөткөн. Бирок Беларусь баш тартууда, андыктан аларды өлкөгө кайтарууга азырынча мүмкүнчүлүк жок», —деди.
Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына карата Башкы прокуратура тарабынан мурда козголгон кылмыш иштери боюнча – 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик жол менен басып алуу боюнча көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо фактылары боюнча сыртынан соттолгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат