Айыл чарба министри Жаныбеков депутаттын үстүнөн арыз жазды

Айыл чарба министри Жаныбеков депутаттын үстүнөн арыз жазды

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун үстүнөн арыз жазды. Бул туурасында депутат парламентте Башкы прокурордун отчетун угуу учурунда билдирди.

“Айыл чарба министрлигин жетекчилерин катуу сынга алып келе жатам. Бирок, Айыл чарба министри ошол сындарды эске алып, ал кемчиликтерди оңдогондун ордуна менин депутаттык айткан сындарыма Жогорку Кеңештин атынан арыз жазып жатат. Министрдин жана министрликтин кадыр-баркына доо кетип жатат деген негизде жазууда.

Башмыйзамга ылайык, депутаттык сынга каршы министрдин арыз жазганга укугу жок. Анын жазган арызы мыйзамсыз. Депутаттык сынга каршы арыз жазганы кылмыш болуп эсептелинет”-деди.

Ошондой эле депутат Башкы прокурор Зулушевге кайрылып, Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кылган аракеттерин укуктук жактан баа берүүсүн суранып, Министрлер кабинетинен анын кызматтык ишин карап чыгууну сунуштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>