Алдын-ала маалыматтарга караганда, 17-сентябрь күнү аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатышкан. Эки достун ортосунда чыккан ооз эки кайым-айтышуу мушташка айланып, жыйынтыгында бири каза болгон.
6-сентябрдан бери өргүүдө жүргөн 1991-жылы туулган Чек ара кызматынын С.П. аттуу аскер кызматкери бул окуяга шектүү катары кармалды. Окуя Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын четинде болгон.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы таратты.