Кыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулду
Баткен коогасы: УКМК гумжардамдан өзүн пиарлаган жарандарга кайрылды
19.09.2022 | 22:37
17-сентябрдан 19-сентябрга чейин Баткен облусуна жалпысынан 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, республиканын бардык аймактарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн жана келүүдө, анын ичинде негизги керектөөлөр да, башка зарыл каражаттар да бар.
“Ошол эле учурда айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүнүн инсандыгын белгилөөдө. Ушуга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууну суранабыз”- деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар