Баткен милициясы Сүлүктүнүн мэри окуучуну сабагандыгы боюнча түшүндүрмө берди

Баткен милициясы Сүлүктүнүн мэри окуучуну сабагандыгы боюнча түшүндүрмө берди

Сүлүктү шаарында мэр Болот Абдыжапаров жана мектеп окуучуларына байланыштуу айтылган маалымат боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка  караганда, окуя 8-май күнү саат 13.30да болгон. Болот Абдыжапаров өзү милиция чакырган.

«№1 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 11-классынын 4 окуучусу бир бирине суу чачышып, күрөшүп жаткан мезгилде Болот Абдыжапаров өзүнүн орун басары менен жолдон өтүп баратып, балдарды ажыратмакчы болуп токтойт. Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө балдардын бири ага атырылгандыктан ал балдарды тынчтандырып милицияга кабар берген», — дейт милиция.

Балдар жана мэр тергөөгө суракка чакырылып, өз көрсөтмөлөрүн берди. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Аймактык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, балдардын ата-энеси экспертизадан өтүүдөн жана арыз даттануу менен кайрылуудан баш тартышты.

Белгилей кетсек, Болот Абдыжапаров социалдык тармактагы баракчасында бул боюнча маалымат берип, мушташып жаткан балдарды ажыратып, милицияга келгенче алардын каршылык көрсөткөнүнөн улам, кармап турганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>