Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалды
15.05.2024 | 10:17
Баткендин милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, былтыр майда Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну бир адамга Opel Astra унаасын 140 миң сомго саткан. Унааны алган киши “3 ай ичинде акчаңды берем” деп ошону менен изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы М.Б. аттуу тургуну Бишкектен кармалып, Баткенге алынып келген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.