Баткен милициясы журналистмин деп элди тоноп жүргөн жигитти кармады

Баткен милициясы журналистмин деп элди тоноп жүргөн жигитти кармады

Өзүн журналист катары тааныштырып, студенттердин телефнун тоноп жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 13-ноябрында Баткен шаарынын “Жеңиш” паркында азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы бала ошол жерде эс алып отурган студенттерге ар кандай суроолорду берип, өзүн журналист катары тааныштырып, алардын ишенимине кирип алдоо жолу менен “Rеdmi Note 7А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин баштаган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен облустук криминалдык милиция кызматкери шектүүнү Нарын шаарынан аныктап кармап келген.

Азыркы күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жарандын үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кармалган жигит Ыссык-Көл облусунун Тогуз Булак айылынын 24 жаштагы Н.Д. аттуу тургуну болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>