Баткен округунан Бактияр Калпаев ЖК депутаты болуп шайланды
Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 379 шайлоочу киргизилген.
№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган.
28-апрелде 28508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин саны 25,30% түздү.
Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарды алышты:
- Салихов Кеңеш Каримович – 3698 добуш (12,9 %);
- Мадалиев Асылбек Алтымышович – 3658 добуш(12,8 %);
- Кожонов Замирбек Ырысбаевич – 3614 добуш(12,6 %);
- Ойтемиров Махмуд Гиесович – 1848 добуш(6,4 %);
- Раимкулов Аширбай Омурзакович – 869 гдобуш(3,0 %);
- Нишанбаев Тургунбай – 377 добуш(1,3 %);
- Калпаев Бактыяр Алиевич – 11830 добуш(41,4 %);
- Каработоев Джалил Исакович – 1180 добуш(4,1 %);
- Сатаров Акимали Сатыбалдыевич – 725 добуш(2,5 %);
- Шадыманов Бакытбек Адылбекович – 398 добуш(1,4 %);
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).
Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Калпаев Бактияр Алиевичти Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз