Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Баткен: Тажикстанга өтүп кеткен 6 баш уй ээсине кайтарылды – видео
30.11.2022 | 18:57
Кароосуз калып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен мал өз ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү саат 10:30дар чамасында Ак-Сай айылынын тургуну Запарбек Жолдубаевдин 6 баш ую кароосуз калып, короосунан белгисиз жакка чыгып кеткен.
“Баткен райондук милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, мал Тажикстандын Исфара районунун Ворух аймагына өтүп кеткени аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү саат 20:30дар чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух райондук милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мал ээсине кайра кайтарылып берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом