Прокуратураны сынга алган эки депутат суракка чакырылды

Прокуратураны сынга алган эки депутат суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов («Ата Журт Кыргызстан») Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүн суракка чакыруу алардын парламенттин бүгүнкү жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу.

«Бүгүн депутаттар прокуратуранын дарегине бир нече айыптарды коюшту. Алардын сөздөрүн тактоо үчүн сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кайсы прокурор, кайсы тергөөчү кимден канча акча алганын текшеришет», — деди Сирожиддин Камолидинов.

Белгилей кетсек, буга чейин Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан. Акыркысы ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевди парламентке чакырып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

 

Депутат: Прокуратура, милиция каржы пирамидаларга “крыша” болууда

 

 

Жээнбеков менен Зулпукаровго козголгон кылмыш иштер унутулуп калабы? — депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>