Баткенде Кыргызстандын жаранынын Тажикстанга өтүп кеткен жылкысы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунунун жылкысы байланып турган жеринен бошонуп, Тажикстандын Согди облусунун Лаккан айыл аймагына өтүп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, 6-апрель күнү кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алган.
«Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган», — деп билдиришти милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз