Бир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөнКыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөтСадыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Үрөйүң учат. Милиция өспүрүм баланы зордуктады
04.03.2022 | 16:18
Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан Н.О. Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Свердлов райондук милиция кызматкери жана К.Н. аттуу тургун жашы жете элек баланы жыныстык катнашка мажбурлаган.
Бул кылмышты жасоо учурунда К.Н аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 3-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери А.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар