Сыдыков: Айыл-чарба министри Жаныбеков бизден качып жүрөт

Сыдыков: Айыл-чарба министри Жаныбеков бизден качып жүрөт

“Жүгөрү өндүрүүчүлөр” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Сыдыков Жогорку Кеңеште Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбековду качып жүргөнүн билдирди.

Кыргызстандын жүгөрүлөрү жогорку сапатта өндүрүлөт. Кытай стандарттарына да жооп берет. Айыл-чарба министрликтин туура эмес саясатынан улам былтыр Кытайга экспорт токтоп, калды. Кыргызстан 700  миң тонна жүгөрү өндүрөт, 300 миң тонна  ички рынокко кетет. Бирок, кандайдыр бир кызыкчылыктар менен экспорт токтоп калды”— деди Сыдыков.

Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин депутаттары атайын бул теманы талкулоо үчүн тиешелүү мекемелердин кызматкерлерин, ошондой эле Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбековду кошо жыйынга чакыралы деген сунуш киргизди.

Ал ортодо “Жүгөрү өндүрүүчүлөр” ассоциациясынын жетекчиси Шаршен Сыдыков  “Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков келбейт, ал бизден качып жүрөт. Канча жолу кайрылдык бизди кабыл алып, биздин маселени чечкиси келбейт. Аскарбек Жаныбеков ассоциация мүчө болчу. Жүгөрү өндүрүү аны сатууну бизден жакшы билет. Тыюу салуулар менен  кайсы бир топтун кызыкчылыгын көздөп жатат”— деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>