Баткенде 2 миң жыл мурдагы жоокердин сөөгү табылды

15.07.2025 | 16:40
Screenshot

Баткен мамлекеттик университети Баткенде болжол менен 2 миң жыл мурда коюлган жоокердин сөөгү табылганын билдирди. Сөөк Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүнөн археологиялык казуу маалында чыккан.

Бул аймакта археологиялык иштер 2023-жылы башталып, 119 дөбө каттоого алынган. Учурда казуулар ачык жүргүзүлүп, каалоочуларга байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Изилдөөгө катышкан Айдана Маматкаримова сөөк жоокерге таандык болушу мүмкүн экенин айтты:

“Баш жагында жаанын жебелери, найзанын учтары, кылыч жана бычактар табылды”, — деди ал.

Илимий изилдөө Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Баткен мамлекеттик университетинин биргелешкен долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Окумуштуулар бул табылга Баткендин гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын байыркы тарыхын жаңыча изилдөөгө өбөлгө болорун белгилешүүдө.

Scroll to Top