Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Баткенде 230 миң сомдук зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды
11.06.2024 | 16:03
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында алтын саткан дүкөндөн зер буюмдарды уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз адамдар “Таштемир ажы” соода базарындагы алтын саткан дүкөндөн 230 миң сомдук эки алтын чынжырды уурдап кеткен. Ага байланыштуу дүкөндүн ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүу катары 34 жаштагы У.Д. аттуу аялды кармады.
Уурдалган зер буюмдар өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.