Президентке жаңы имарат курган 23 компания салыктан бошотулган

Президентке жаңы имарат курган 23 компания салыктан бошотулган

Президенттик администрациянын Айтматов проспектиндеги жаңы имаратын курган 23 компания салыктан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн парламенттин транспорт, коммуникация жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

«Фирмалар ал имаратты куруп миллиарддаган сомдорду таап жатат. Эмнеге алар салыктан бошотулду? Эгер кирпич жана башка курулуш материалдарын берген компаниялар бошотулса бир жөн», — деди ал.

Анын маалыматын мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев ырастап, ал Министрлер кабинетинин чечими экенин белгиледи.

Курулушка катышып жаткан компаниялардын бири «Иншаат строй Билдингге» А.Масалиев көчөсү 22 дарегиндеги 18,18 га, А.Токтоналиев 165 дарегиндеги 4,88 га жана А.Токомбаев 1/9 дарегиндеги  2,71 га жер берилгени кабарланган.

Жаңы «Акүйдүн» курулушу 2022-жылы башталган, анын аянтты 26 гектар. Ага канча каражат жумшалары ачыкталган эмес. Садыр Жапаров имаратты куруу үчүн чет өлкөдөн жумушчулар алынып келинген.

Бишкекте жаңы «Ак үйдү» куруп жаткан компанияга 26 га жер берилет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>