Баткен шаардык милициясынын 24 жаштагы кызматкери каза тапты. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан таксыктады.
Милиция кызматкеринин сөөгү 15-октябрда асынып турган жеринен табылды.
“Алдын-ала текшерүүнүн жүрүшүндө денесинен күч колдонуунун белгилери табылган жок. Эмнеге андай ишке барганы белгисиз бойдон калууда”, — дейт аймактык милиция.
Маркум эки апта мурда үйлөнгөнү айтылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз