УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50 бажычы иштен алынды

УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50 бажычы иштен алынды

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жана «коррупция» иши боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>