Бишкекте жаран алдамчылыкка барып, 603 миң сомду кымырган. Шектүү кармалды

Бишкекте жаран алдамчылыкка барып, 603 миң сомду кымырган. Шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-октябрда милицияга А.К. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, шаардагы компаниялардын биринин Э. аттуу менежери компаниянын дилерлеринин (товарды дүңүнөн алып, чекене саткандар) ишенимине кирип, 13-сентябрдан 10-октябрга чейин сатылган кафелдердин акчасын компаниянын эсебине эмес, өз эсебине котортуп алган. Жыйынтыгында 603 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>