«Базалар талкаланып, ракеталар түгөнүп баратат»: Аскердик эксперт Иран менен элдешүүнү тактикалык амал деп атадыКыргызстандын энергетиктери күз-кыш мезгилине, ШКУга жана Көчмөндөр оюндарына даярданууда«Кыргызалтын» 2025-жылы 18,7 млрд сом таза киреше тапкан. Өкмөт башчы ишкананын иши менен тааныштыЖапайы жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогоруладыСаясат таануучу Бактыбек Жумагулов 10-июнга чейин СИЗОго камалдыУКМК: Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалды
Баткенде 60 жаштагы тургун бир жумадан бери дайынсыз болууда
21.05.2021 | 08:25
Баткен облусунун Кара-Бак айылынын 60 жаштагы тургуну эки жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылынын тургуну 1961-жылы туулган эркек киши 14-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылаган.
20-майда издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 25 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар