Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Эки жума мурун кызматка дайындалган министр эки айга камакка алынды
21.05.2021 | 09:18
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Азамат Дыйканбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Репортёрго” Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 20-майдагы токтомуна ылайык, шектелуучу Азамат Дыйкабаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 20-июль саат 10:45ке чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.
Белгилей кетсек, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалган. Пара алып кармалган министр Азамат Дыйканбаевдин эмгек жолу менен бул жерден таанышыңыз.