Баткенде 8 тоннадай кара куурай өрттөлүп жок кылынды

Баткенде 8 тоннадай кара куурай өрттөлүп жок кылынды

Баткенде 8 тоннадай кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында талаада өскөн кара куурайларды өрттөп жок кылуу иш аракети жүргөн. Анда Кадамжай районунун Марказ, Масалиев айылындагы кароосуз калган талааларга өсүп кеткен  жапайы кара куурайлар орулуп,  5 тоннадай кара куурай өрттөлүп жок кылынган.
Ошондой эле ушул эле иш-чара Баткен РИИБнин кызматкерлери да өткөрүп,  Аксай айыл аймагынын Таш-Тумшук участкасынан 1тонна 300кг, Төрт-Гүл айыл аймагыгын Секиртме участкасынан 1тонна 800 кг кара куурай жок кылынган.
    

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>