КРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталдыБаалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштадыТрамп Иранды таш дооруна кайтарам деп коркутту — АКШ президентинин кайрылуусунун негизгилериКыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду2-апрель: Өлкөдө күн ачык болот
Баткенде автоунаа ала салып бир адам каза тапты
08.12.2020 | 10:31
Баткенде жол кырсыгынан бир киши көз жумду. Бул туууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-декабрь күнү саат 07:45тер чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында Баткен районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Анда “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 31жаштагы киши каза болгон. Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар