Баткенде аялдын жансыз денеси табылды. Милиция жардам сурайт

11.01.2023 | 16:02

Баткен шаарында аялдын жансыз денеси табылган. Милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициянын басма соз кызматы билдирди.

Маалымтака караганда, 10-январь күнү жаран Ш.А. Баткен ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө уюлдук телефон аркылуу чалып, Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы боюнча билдирген.  Аталган факты 10-январь күнү Баткен ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Өзгөчө белгилери: Жашы 45-50 чамаларында, бою 155-165 см, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн “Санабар” деп таныштырып жүргөн.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк  свитер.

“Маркум аялдын өздүгү аныкталбай, туугандары табылбай жаткандыктан ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, Баткен ШИИБге (03622) 5-00-68,  0508 03 16 35 номурлары аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top