Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте урдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 16-декабрда милицияга И.Д. аттуу жаран кайрылып, 12-декабрда болжол менен таңкы сат 04:00до белгисиз адамдар Арча-Бешик конушундагы үйүнө кирип, Redmi 5 телефонун, кышкы куртка жана 9 миң сом акча уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы М.А. жана 30 жаштагы Н.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда алар райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

«Азыркы тапта алардын Бишкек шаарындагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракетинен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(705) 307 703, 0(702) 494 730, 0(502) 995 999 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>