Баткенде аялдын жансыз денеси табылды. Милиция жардам сурайт

Баткенде аялдын жансыз денеси табылды. Милиция жардам сурайт

Баткен шаарында аялдын жансыз денеси табылган. Милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициянын басма соз кызматы билдирди.

Маалымтака караганда, 10-январь күнү жаран Ш.А. Баткен ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө уюлдук телефон аркылуу чалып, Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы боюнча билдирген.  Аталган факты 10-январь күнү Баткен ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Өзгөчө белгилери: Жашы 45-50 чамаларында, бою 155-165 см, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн “Санабар” деп таныштырып жүргөн.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк  свитер.

“Маркум аялдын өздүгү аныкталбай, туугандары табылбай жаткандыктан ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, Баткен ШИИБге (03622) 5-00-68,  0508 03 16 35 номурлары аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>