Баткенде бир жумада 19 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустагы Жол кылмылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, облус аймагында 22-28-майда 1 миң 72 жол эреже бузуу аныкталган.
Анын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаргандар — 19;
- Айдоочулук күбөлүгү жана унаага тийиштүү докумменттери жок унаа айдагандар — 31;
- Ылдамдыкты ашырып айдагандар — 156;
- Алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандар — 1;
- Башка жол эреже бузуулар — 818;
Токтотулган унаалардын ичинен 48и айып аянтчасына коюлган.
«Бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — билдиришти аталган бөлүмдөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз