Чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн аскери каза болду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, келишим менен кызмат өтөп жаткан 27 жаштагы Ы. уулу С. 8-ноябрь күнү спорттук мелдеш учурунда коопсуздук чаралары бузулгандыктан башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз