Орунбеков Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болбогонун билдирди

Орунбеков Акылбек Жапаровдун Көлбаев менен байланышы болбогонун билдирди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Акылбек Жапаровдун мындан бир нече жыл мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын 70 жылдык мааракесине катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, Көлбаевдин апасынын 70 жылдык мааракеси 2018-жылы өткөрүлгөн.

Орунбековдун айтымында, Жапаров тойго кошунасы катары чакырылган.

«МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат.

Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз», — деп жазды Орунбеков.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Кримтөбөлдүн өлүмүнөн кийин УКМК аны менен байланышы болгон деп бир топ адамды кармаган. Алардын арасында спортчу, ишкерлер да бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>