КМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алынды
Баткенде эки киши жол кырсыгына кабылып, ооруканага түштү
09.06.2022 | 11:44
Бүгүн, 9-июнь күнү Кадамжай шаарынын аймагындагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 126-чакырымында Honda Accord үлгүсүндөгү жеңил машина жолдон чыгып, кырсыкка учурагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган дарек боюнча куткаруу иштерине шаардагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган 3 куткаруучунун жардамы менен унаанын ичиндеги 2 жаран тең аман-эсен куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар