Депутат генерал К.Ташиев министрге эмнеге көз кысканын айтты

Депутат генерал К.Ташиев министрге эмнеге көз кысканын айтты

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков парламенттин мурунку жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев каржы министрине эмнеге көз кысканын айтты.

Анын айтымында, ал жыйында үч маселе көтөргөн.

“Жыйында Камчыбек Ташиев финансы министрине көз кысканда көпчүлүгү түшүнбөй калды окшойт. Ал энергетиктерге көз кысып, Акбөкөндүн акчасын берип койгула деп айткан. Мен жыйында үч маселе көтөргөм, алардын бири Ысык-Ата айыл өкмөтүндөгү Нооруз айылына мамыларды коюу боюнча.  Вице-премьердин тапшырмасы деп “Түндүк Электр” ишканасынан мага келишим алып келишип, 61 миң сомго 27 мамы коюп беребиз деп айтышты. Менин жардамчым ошолор жалдаган унааны жалдап, мамыларды 15 миң сомго эле коюп келди. Кантип болсун ушул?

Ошон үчүн депутат А.Мадумаровдун колун сындырардан мурун ушундай келишимди жөнөткөндөрдү мамынын ордуна барып көмүп коюш керек. 15 миң сомдук жумушту 61 миң сом дегени уят”, — деди А.Таштанбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>