Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Таштанды полигонун оңдоого алынган 22 млн евро насыя кайда жумшалды?
09.06.2022 | 11:56
Бүгүн, 9-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова таштанды полигонун калыбына келтирүү боюнча алынган насыянын кандай пайдаланылганы боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы таштанды полигону боюнча маселе бир нече жылдан бери чечилбей келет.
“Бул маселени чеүү үчүн ал тургай 22 млн евро насыя алынып, бирок аягына чыккан жок. Түтүнү токтобогон жай, шаардын экологиясына коркунуч келтирүүдө. Андыктан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылганын иликтөө боюнча протолдук тапшырма берүүбүз кажет”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом