Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Баткенде Өзбекстандын жарандарын тоноого шектүүлөр кармалды
02.12.2022 | 14:44
Баткен облусунда Өзбекстандын жарандарын тоноого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары быйыл сентябрь, октябрь айларында милицияга кайрылып, Фергана облусуна бара жатканда белгисиз адамдар Кадамжай районунун аймагында унааларын токтотуп, акча, телефондорун тоноп кеткенин билдирген.
Бул фактылар Кадамжай райондук милициясында катталып, Кылмыш кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ак-Турпак айылынын 54 жаштагы С.Н. жана 39 жаштагы С.З. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз