Султан Раев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Султан Раев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

28-ноябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу Султан Раев «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Ал белгилегендей, жолугушууда Түркмөнстан менен ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон.

«Маданият «жумшак дипломатиянын» алтын көпүрөсү болуп келген. Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү катышарын, ошондой эле маданий кызматташууну күчөтөрүн билдирди. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму үчүн быйылкы жыл маданий бурулуштун жана маданий жандануунун жылы болду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна Өзбекстан толук кандуу мүчө болуп кирди. Ал тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Миризёев Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде расмий жарыялаган. Бул да Өзбекстан менен системалуу алып барган ишибиздин жыйынтыгы. Түркмөнстан да маданий интеграция процессинде ушундай позицияда экендигин баса белгиледи», — деди ал.

Анын айтымында, 2024-жыл улуу акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата түрк дүйнөсүндө «Махтумкули жылы» деп жарыяланган. Ошондой эле, 2024-жылы Түркмөнстандын байыркы Аннау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору статусуна ээ болот.

«Бул багытта бир нече долбоорлор ишке ашат. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигин, байланышын, кызматташуусун чыңдаган ордого айланууда», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>