Баткенде шахтада урап, бир киши дайынсыз болууда

23.12.2020 | 09:31

Баткенде шахта урап бир киши калып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, ӨКМга кечээ, 22-декабрь күнү Сүлүктү шаарындагы “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1 киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык болгон жерге мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, тез жармам кызматынан 1 бригада,  ИИМден 1 экипаж, Шахта мүдүрү жана 20 жумушчулары тартылган.

Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top