Баткенде жаңы оорукананын курулушу башталды      

Баткенде жаңы оорукананын курулушу башталды      

Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталды . Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-март күнү Лейлек районундагы Кулунду айылында “Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөө аземи болуп өттү.

Иш чарага Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды. Ал аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмесине жана бирикменин  аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле аталган бирикменин облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы, өзгөчө баалоого арзый турганын белгилеген.

Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун” жалпы аянты 510 м2 болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн жатаканалар болот.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулуш  ушул жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылган.

Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 000 000 сомду түзгөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>