Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар
Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атылды. Мындай билдирүүнү облустук милициядан тастыкташты.
“Бүгүн, 29-апрелде эрте менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө таджик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундун боюнда жайгашкан Таджикстандын Майский айылы тараптан жолдон өкөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган”, – деп билдиришти.
Бул факты 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.
Таджик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай 39/130-берене (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланат.
[image_carousel source=”media: 74730,74731,74732,74733,74727″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]