Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Базарда арам өлгөн малдын эти сатылууда. Депутат кабатыр (видео)
18.01.2024 | 10:35
Базарда арам өлгөн малдын эти сатылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.
Ал мамлекеттик органдарды бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
“Базардагы эттин бир бөлүгү арам экендиги айтылууда. Аны көбүнчө колбаса жасоого алышат экен. Арам малдын эти жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтүп, элдин саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Көп оорулардын себебин дагы ушул жактан издесек”, – дейт Сүйүн Өмүрзаков.
Депутат мындай этти саткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү дагы сунуштады.
“Алар санитардык талапты бузгандыгы үчүн айыппул менен гана кутулуп кетет экен”, – дейт эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом