«Кошунаңмын, 30 миң сом бере турчу». Чүйдүн тургуну абактагы шылуунга алданып калган

«Кошунаңмын, 30 миң сом бере турчу». Чүйдүн тургуну абактагы шылуунга алданып калган

Абакта отуруп, телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран аныкталды. Бул туураалуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Сокулуктун милициясына бир жаран кайрылып, шылуунга алданып, акчаларын берип койгонун билдирген. Анын айтымында, ага телефон аркылуу бир киши чалып, өзүн Т. аттуу кошунасымын деп тааныштырган. Жол кырсыгына кабылганын айтып, телефон номерине терминал аркылуу 30 миң сом которуп берүүнү суранган. Ал телефон чалган адам кошунасы экен деп ойлоп, 30 миң сомду которуп берген.

Андан соң белгисиз адам кайра чалып, дагы 17 миң которууну өтүнгөн. Андан соң жабырлануучу кошунасын көрүп калып, шылуунга алданып калганын түшүнгөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция жабырлануучу менен тергөө амалдарын жүргүзүп жатканда, жанагы адам кайра чалып, акча которууну суранган. Ошондо милиция шектүүнү кармоо боюнча план түзгөн.

Планга ылайык жабырлануучу шектүүгө акчаны Шопоков шаарындагы туугандарынан ала турганын айтып, ошол жакка келүүсүн суранган. Бирок акчаны алууга 23 жаштагы такси айдаган жигит келген. Ал жигиттин айтымында, ага бир номерден буйрутма түшүп, анда Шопоковдон Бишкек шаарындагы бир дарекке 17 миң сомду жеткирип берүү тууралуу айтылган. Милиция таксини айдатып, акчаны жеткирип бере турган дарекке барышкан. Ал жактан бир кыз чыгып, курбусунун сүйлөшкөн жигити карыз алган адамдан 17 миң сомду алып коюну суранганын билдирген.

Ошентип, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Кыргызстандагы абактардын биринде отурганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга акчасын кайтарып берген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция телефон аркылуу алдамчылык кылуу көп боло баштагандыктан, жарандарды сак болууга, шылуундардын айла-амалдарына дароо ишенбей, маалыматтын чын-калпын тактоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>