Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

19.08.2022 | 20:05

Президент  Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Алымкадыр Бейшеналиев  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга шектелип кармап, УКМКнын СИЗОсуна камаган болчу. Анда ага карата 7 кылмыш иши тергелип жатканы маалымдалган. 16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, иш материалдары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Президент Садыр Жапаров тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиевди кызматтан алган. Анын ордуна 4-июн күнү Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу милдети Жаркынбек Касымбековго жүктөлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Scroll to Top