Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Бишкектин вице-мэри Шаршеналиев кызматтан кетти
19.08.2022 | 19:10
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун башка бир жарлыгы менен Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалган. Буга чейин ал мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.

Ал эми Рыскулбек уулу Талант борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалган. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат