Бейшеналиевдин ишин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны жоюу сунушталды

Бейшеналиевдин ишин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны жоюу сунушталды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны жоюу сунушталды. Бул сунушту Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-майдагы жыйынында депутат Кубанычбек Самаков айтты.

Ал билдиргендей, депутаттык комиссияны түзүүнү демилгеген Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып кеткендиктен, комиссия маалымат алуу үчүн эч кимди сурай албай жатышат.

Депутат Улугбек Ормонов кесиптеши Самаковдун сунушун сынга алып, ансыз да VII чакырылышта дээрлик бардык депутаттык комиссиялардын иши аягына чыкпай жатканын белгиледи.

«Түзүлгөн депутаттык комиссия ишин улантып, чекит коюшу керек. Айтылган күнөөлөр жалган болсо, жалган деп айтыш керек, чын болсо, чын деп ачыкка чыгарыш керек. Демилге көтөргөн жигит (Жусупбек Коргонбай уулу – ред.) бул маселе боюнча кеткен жок. VII чакырылыштагы депутаттык комиссиялардын ишинин жыйынтыгы чыкпаганы өкүнүчтүү. Бир гана комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Эми түзүлгөн комиссияны жоебуз дегенге келдикпи?!», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Жусупбек Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап чыккан. Анын демилгеси менен министрдин ишин иликтей турган депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бейшеналиев анын айткандарын төгүндөп, депутатты сотко бергенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маектеринин биринде Коргонбай уулунун айткандары боюнча кеп кылып, министрдин акча жегени аныкталса, ал жазага тартыларын билдирген. Кийинчерээк маекке толуктоо киргизилип, президенттин депутаттын айткандары ырасталбаса, ал да тиешелүү жазага тартылары тууралуу билдирүүсү кошулган.

Көп өтпөй Коргонбай уулу депутаттык мандатын тапшырган.

Орунбеков депутаттын мандатын тапшыруусу министр менен болгон чыр-чатакка тиешеси жоктугун айтты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>