Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Бишкектен Алматага автобус жүрүп баштады
15.05.2024 | 12:24
Бишкек-Алмата каттамы ачылды. Бул тууралуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Автобус күн сайын саат 8:00, 10:00, 12:00, 14:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен жолго чыгат.
Билеттин баасы 600 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайтынан же автобекеттин кассасынан алууга болот.
Алматыдан Бишкекке автобустар ошол эле сааттарда чыгат. Билет баасы 3000 теңге.
Мындан тышкары, Батыш автобекетинен Бишкек-Ташкент, Бишкек-Джизак, Бишкек-Красноярск, Бишкек-Тюмень, Бишкек-Артуш жана Бишкек-Кашгар эл аралык каттамдары боюнча автобустар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жакынкы аралыкта Бишкек-Самарканд каттамы ачылуу алдында турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом