Беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгаруу менен эмне өзгөрөт?

Беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгаруу менен эмне өзгөрөт?

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-апрелдеги жыйынында «Билим берүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу мыйзам долбоору президенттин “Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелериндеги жогорку кесиптик билим берүүнүн потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле, укуктук коллизияны жок кылуу жана башка ченемдер менен шайкештикке алып келүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Тагыраагы, аталган жарлык аркылуу беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгарылып, төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилүүдө:

— бюджеттик эмес каражаттарды колдонуу үчүн казыналык системадан тышкары, мамлекеттин үлүшү менен коммерциялык банктарда банктык эсепти ачуу;

— билим берүү, консультативдик, илимий-изилдөөчүлүк, басма иши, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктөн  каражат түрүндөгү кирешени алуу жана аны жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багыттоо;

— төлөм аркылуу жүргүзүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. өз алдынча тарифтерди түзүү жана бекитүү;

— лицензия албастан, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;

— өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн программаларын иштеп чыгуу.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев өзгөчө статус алган ЖОЖдордун милдеттери боюнча маселени тактады.

Өз кезегинде министрдин орун басары беш жыл ичинде алар мыкты 1000 эл аралык рейтингге кириши керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун колдоп, ЖОЖдорго каржылык жана административдик көз карандысыздык берүү менен катар ректорлоруна да чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн кошумчалады.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун 2- жана 3-беренелеринде каралган маселелерге токтолуп, ошондой эле ЖОЖдордун экономикалык ишмердүүлүгүнө байланышкан өзгөртүүлөргө көңүл бурду.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунун 2-беренесине байланыштуу маселени көтөргөн депутат Таалайбек Масабиров имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар боюнча сурады.

Расул Авазбек уулу болсо өзгөчө макамга ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар республикалык бюджетке чегерилбей тургандыгын маалымдады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>