Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Беш жүргүнчүсү бар “Lexus-470” унаасы Чычкан суусуна түшүп кетти
03.06.2022 | 09:53
Токтогул районундагы Чычкан суусуна “Lexus-470” унаасы түшүп кетти, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, кырсык 2-июнь күнү саат 07:00 чамасында Бишкек —Ош унаа жолунун 275-чакырымында (Чычкан капчыгайы) катталып, “Lexus-470” үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.
Унаанын ээсинин кайрылып, унааны чыгарып берүүгө көмөк көргөзүү үчүн жерине 5 куткаруучу, №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, ИИМден 1 экипаж тартылып, сууга түшүп кеткен унааны чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом