Чуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтотот
Бийлик “Жунда” заводуна сырье жагынан жардам берет
13.10.2021 | 16:00
Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” заводуна сырье жагынан жардам берет. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда чыгып жаткан нефтинин сырьесу менен Ирандан Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу сырье алып келип калышы мүмкүн. Түркмөнстан менен Өзбекстан транзиттик жол берүүгө макул болду. Президент тышкы саясатты жөнгө салып алгандан кийин Иран менен сүйлөшүүлөр жүрөт.
Мурунку өкмөт туура эмес иштерди жүргүзүп жиберип, маселе чыңалып кетиптир деди Жапаров.
Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” кытай заводу 2018-жылы ишин токтоткон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика