Билим берүү министри  Чүйдөгү  мектептерден кабар алды

Билим берүү министри  Чүйдөгү  мектептерден кабар алды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Чүй районундагы авариялык абалдагы Т.Онолбаев жана курулушу кызуу жүрүп жаткан С. Сыдыгалиев атындагы мектептерден кабар алды.

Онолбаев атындагы мектептин 1929-жылы курулган имраты учурда авариялык абалда болгондугуна байланыштуу окуучулардын жарымы айылдын медициналык пунктунда (ФАП) даярдалган класстарда билим алышууда. Министр эл аралык фонддордун жардамы аркылуу жаңы имарат куруу мүмкүнчүлүгү каралаарына токтолду.

Андан соң министр  225 окуучуга ылайыкталып курулуп жактан  Сыдыгалиев атындагы мектептен каар алды. Аталган мектеп ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилгени турат.

Билим берүү жана илим министри буга чейин Талас жана Нарын облусунун бир канча авариялык мектептери менен таанышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>