Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.
Уланбек Мамбетакунов бул кызматка 2022-жылдын 7-октябрында президент тарабынан дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз